Сотко катышкан тараптар соттук процесстин дайындалган күнүн жана башка күнгө жылдырылганын, каралып бүткөн иши боюнча соттук актынын көчүрмөсүн, айыптардын (штраф), мамлекеттик алымдардын реквизиттерин, жарандарды кабыл алуу графигин жана атайын ишеним телефонун соттун имаратына келбей туруп эле https://osh.sot.kg/ сайтына кирип, маалымат алса болот.
Сайтты колдонууда төмөнкү эрежелерди билүү зарыл;
Алгач https://osh.sot.kg шилтеме аркылуу же интернет баракчадан Ош облустук сотунун сайты деп жазып баракчаны ачып аласыз.
Сайттын башкы бетинде төмөнкү бөлүмдөр бар:
* Жалпы маалымат
1.Кыргыз Республикасынын сот тутумунун тарыхы
2.Сот тутумунун иши
3.Ош облустук сотунун түзүмү
4.Райондук соттордун түзүмү
*Электрондук иш кагаздар
1.Сот отурумдарынын тизмеси;
Бул графада сотто карала турган иштердин тизмеси жайгаштырылат. Белгилей кетүүчү жагдай, соттун өндүрүшүнө бирдей фамилиядагы жарандар же бир эле мамлекеттик мекеме ар кандай иштер боюнча тарап болуп саналган бир нече иштер болушу мүмкүн. Андыктан доогер, жоопкер, доонун мазмуну, айыпталуучунун аты-жөнү жана беренеси графасында көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча таба аласыз. Тизме ар жуманын дүйшөмбү күнү жаңыланып турат.
2.Сотко кайрылуунун тартиби
3.Документтердин үлгүлөрү
4.Процессуалдык эмес кайрылуулар
* Пресс-борбор
1.Басма-сөз катчы
2.Жарандарды кабыл алуу тартиби
Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жарандарды ар жуманын дүйшөмбү күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат.
3.Жаңылыктар
4.Жарнамалар
5.Фотогалерея
*Байланыштар
Ош облустук сотунун, Ош облусунун административдик, шаардык жана райондук сотторунун жайгашкан даректерин таба аласыз.
Ошондой эле сайтта кошумча бөлүмдөр каралган:
*Пленум жана серептер
*Сот реформасы
*Сот актыларынын тексттери
https://act.sot.kg шилтемесине кирип, сот актысынын көчүрмөсүн алса болот.
*Процесстен тышкары кайрылуулар
*Мамлекеттик алым:
“Мамлекеттик алымдын калькулятору” кызматы сотко доо арыз менен кайрылууда мамлекеттик алымдын өлчөмүн автоматташтырылган түрдө эсептеп чыгат.
Сотко катышкан жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик алымдарды, туумдарды, айыптарды жана мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерди төлөө боюнча төмөнкү реквизиттерди колдонуу зарыл:
Алуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту;
Алуучу Банк: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы;
Банктык жеке эсеп: 4402011001002059;
БИК:440001
ИНН:02201200210073;
Төлөм коду: 14222300 -сот органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым;
Төлөм коду:14222900- башка мамлекеттик алым;
Төлөм коду: 14311110- айыптар;
Төлөм коду: 14311120- айыптар, туумдар үчүн финансылык айыптар;
Төлөм коду:14511110-мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер.
*Коррупцияга каршы күрөшүү
*Аудио-видео жазуу системасын колдонуу боюнча нускамалар;
* Ишеним телефону: 03222 (7-14-50) телефонуна кайрылсаңыз, дайындалган жооптуу сот кызматкери чалууңузга жооп берет.
*Кайрылуу жиберүү:
Кайрылууну сайттын жогорку оң бурчундагы «Кайрылуу жиберүү» баскычын басуу аркылуу кайрылсаңыз болот.
Ош облустук сотунун веб-сайты сотко катышкан тараптардын маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу жана сот имараттарында зарыл шарттарды түзүү болуп саналат. Ошондой эле жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын сотко кайрылуу жаатында көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн түзүлгөн.