KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Студенттер үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү

15 апреля 2025

Ош обусунун Өзгөн райондук сотуна жашы жетпегендердин кылмыштуулугун алдын алуу максатында М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык институтунун укук таануу адистигинин стунденттери келишти.


Стенттерди Өзгөн райондук сотунун төрагасы Эрлан Бекишов тосуп алып, соттун имараты менен тааныштырып, Өзгөн райондук соту жана сот тутумунун тарыхы боюнча кыскача маалымат бериди.


Судья Чынара Саадабаева жашы жетпегендердин кылмыштуулугун алдын алуу боюнча студенттерге атайын лекция окуду.


Анда кылмыштын тушүнүгү, коомдогу терс таасири жана соттуулуктун кесепеттери, ошондой эле жазалардын түрлөрү тууралуу маалымат берилип, жаштарды келечекте мыкты адис болуусуна үндөдү.


Жаштар арасында суроо-жооптор коштолуп, студенттерди кызыктырган маселелер боюнча түшүнүктөр берилди.


Иш-чаранын максаты жаштардын кылмыштуулугун алдын алууга, өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларды азайтуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле мыйзам бузууларды азайтуу жаштарды коомдо өзүн туура, адептүу алып жүрүүсүнө, келечекте мыйзамды урматтаган, адилеттүүлүктү орноткон адис болуусуна багытталган.