KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Студенттер үчүн уюштурулган “Ачык эшик күнүнүн” алкагында болочок юристтер сот системасынын ишмердүүлүгү менен таанышышты

14 апреля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 14-апрелинде ачык эшиктер күнүнө арналган иш-чарагаЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин окутуучулары Мукан Байсеркеев, Ырысгүл Жээнбаева, Зейне Айдаркулова жана студенттери келип катышышты.


Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Абдразаков болочок кесип ээлерин алгач сот системасынын иши менен тааныштырды. Анда сот органдарынын ишмердүүлүгү, түзүмү жана негизги милдеттери, жалпы юрисдикциядагы соттордун бири-биринен айырмачылыгы тууралуу маалымат берди.


Ошондой эле студенттерге экскурсия өткөрүлүп, Ош облустук сотунун кеңсесинде жарандык жана кылмыш иштеринин кабыл алынуусу жана АИС сот системасына катталгандан кийин, программа иштерди автоматтык түрдө судьяларга бөлө тургандыгын белгилеп жана сот залындагы аудио-видео жазуу системасын көрсөттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сот залдарын көрүп, сот процессинин кандай тартипте өтөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышып, кылмыш иштери боюнча ачык соттук отурумдарга катышышты.


Иш-чаранын соңунда Нурлан Абдразаков болочок юристтерге кесип тандоодо, укуктук билим менен практикалык тажрыйбаны айкалыштыруунун маанилүүлүгүн,  кесипке багыт алган студент талыкпай изденип билим алуу керектигин белгилеп,  коомго зыян келтирген иш-аракеттерден оолак болууга чакырды.


Ушундай форматтагы “Ачык эшиктер күнү” сот тутумунда дайыма улантылып турат жана Ош облустук соту студенттердин тажрыйба алуу максатында ачык соттук отурумдарга келип катышып турууга  жана окуу жайлар менен кызматташууга даяр.