Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунун шаардык жана райондук сотторуна барып, пробациялык көзөмөл колдонулган айыпталуучуларга карата электрондук байкоо кандай тартипте жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча жеринде маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө колдонулуп жаткан мыйзамдардагы электрондук билерик, көзөмөлдөөчү мобилдик тиркеме боюнча кеңири түшүндүрмө беришип, учурда жазык-аткаруу мыйзамдарын жүзөгө ашыруу максатында “Электрондук байкоо” пилоттук долбоору иштеп жаткандыгын, аны көзөмөлдөөгө Пробация департаменти көмөктөшүп жаткандыгын белгилешти.
Айыпталууларга электрондук билерик тагуу -бул жаза өтөө же көзөмөл жүргүзүү процессинде колдонулуучу заманбап технология. Ал үй камагына алынган же пробациялык түрдө бошотулган адамдардын жүрүм-турумун жана жайгашкан аймактагы радиусун көргөзөт жана соттун же көзөмөлдөөчү органдын койгон чектерин бузбоону камсыздайт.
Эгерде адам белгиленген аймактан чыкса же билерикти алып салууга аракет жасаса, система автоматтык түрдө коңгуроо берип, көзөмөл органына билдирет.
Мыйзамда электрондук байкоо жүргүзүү түшүнүгү айыпталуучуга карата белгиленген тыюулардын же чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында электрондук жана башка техникалык каажаттарды колдонуу менен анын турган жерин аралыктан контролдоо жана көзөмөлдөө дегенди билдирет.
Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасы жөнүндө чечим айыпталуучу, анын жактоочусу, мыйзамдуу өкүлү берген бул бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө өтүнмөсүн кароонун жыйынтыгы боюнча тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, сот тарабынан кабыл алынат.
Демек судьянын же тергөөчүнүн чечими менен айыпталуучу мобилдик тиркеме жана электрондук билерик аркылуу байкоого алынат.