KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Сурөт сынагынын катышуучусу Жогорку соттун белегин алды.

19 декабря 2025

Буга чейин Ош облустук соту жана жергиликтүү сотторунун сот кызматкерлеринин 14 жашка чейинки балдарынын арасында өткөрүлгөн сүрөт сынагында “мыкты” деп табылган сүрөт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберилген.


Жогорку сотто өткөрүлгөн «Манастын руху –улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу сүрөт сынагында жеңүүчүлөр аныкталып, сынактын катышуучуларына белектер жиберилди.


Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жеңүүчү деп табылган аталган соттун судьясы Самар Ниязалиевдин кызына Жогорку соттун белегин тапшырды.