KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кеңири форматта жолугушуу өттү

11 апреля 2025

Бүгүн 2025-жылдын 11-апрелинде Ош облустук сотунда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кылмыш иштери жана укук бузуулар боюнча соттук кароо учурунда орун алган кемчиликтерди жоюу, көйгөйлөрдү ортого салуу максатында жыйын уюштурулду.


Жыйынга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Нурлан Абдыразаков, судья Азизбек Досмамбетов, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, Ош облусунун прокурорунун орун басары Эмирбек Алиев,  Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн башчысы Марат Ботояров, Ош шаардык прокуратурасынын бөлүмүнүн башчысы Айзада Улукбекова, райондук прокурорлордун орун басарлары, атайын кызматтын жана тергөө  кызматтарынын өкүлдөрү катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө сот тутуму  укук коргоо органдары менен өз ара кызматташууда ишти алдыга жылдыруу максатындагы  иш алып барууда мыйзамдардын так сакталышы жана процессуалдык нормалардын колдонулушу  боюнча талкуу жүрүп, бир катар сунуштар, орун алган көйгөлөр жана кемчиликтер айтылды.


Алдыда судьялар укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин жогорку мектебинен судья-лекторлорду чакырып, мыйзамдардагы процессуалдык нормаларды туура колдонуу, багыт берүү боюнча атайын окууларды уюштуруу демилгеси көтөрүлдү.


Жыйындын соңунда судьялар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы ушундай форматтагы жыйындарды өткөрүп туруу өз ара кызматташууну бир кыйла жеңилдете тургандыгы белгиленип, иш чара жыйынтыкталды.