Алай райондук сотунда сот адилеттигин ишке ашырууда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле жашы жетпеген балдарга байланыштуу кылмыш жана жарандык иштерди кароодо колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын айрым жоболорун талкуулоого арналган жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Алай райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Алай райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле жактоочулар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете электердин укуктарын камсыз кылууда мыйзам талаптарын бирдей колдонуу, алардын кызыкчылыктарын артыкчылыктуу коргоо, ошондой эле кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүндө кездешкен айрым укуктук маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Катышуучулар балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдардын талаптарын так сактоо, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.




