Чоң-Алай райондук сотунда «Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил» темасынын алкагында судьялар жана сот кызматкерлери үчүн лекция уюштурулду.
Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин мугалимдери кыргыз тилинин коомдогу орду, мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу программасынын мааниси тууралуу баяндама жасашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын 2025-жылдын 12-августундагы №202 буйругу менен бекитилген 2025–2028-жылдарга каралган иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.




