Кара-Суу райондук сотунда сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзам талаптарын так сактоо, иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу жана сот кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин өркүндөтүү максатында лекция өткөрүлдү.
Лекцияны райондук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев өткөрүп, анда соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын талаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (УК), Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (УПК), Жарандык кодексинин (ГК) жана Жарандык процесстик кодексинин (ГПК) негизги жоболору боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө сот өндүрүшүндө мыйзамдардын талаптарын бирдей жана туура колдонуу, процесстик мөөнөттөрдү сактоо, сот документтерин мыйзам талаптарына ылайык даярдоо, иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартибин камсыз кылуу жана кызматтык жоопкерчиликти жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мирлан Боромбаев мыйзамдардын жана ведомстволук нускамалардын талаптарын так аткаруу сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого жана сот бийлигине болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматтык ишмердүүлүктө мыйзамдардын талаптарын так сактоо зарылдыгы белгиленди.




