KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук сотунда «Уңгу жол» багыты боюнча иш-чара өткөрүлдү

13 июля 2026

Кара-Суу райондук сотунда кызматкерлердин кесиптик жана адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөө, улуттук нарк-насилди даңазалоо жана мамлекеттик кызматчынын коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу максатында «Уңгу жол» багыты боюнча иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага райондук соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышып, анын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум маданияты, кызматтык этиканы бекем сактоо, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыздоодогу жоопкерчилик маселелери талкууланды.


Иш-чаранын жүрүшундө Кара-Суу шаарындагы №112 Манас атындагы жалпы билим берүүчү мектептин тарых мугалими Жовар Молдожанова жана кыргыз тили жана адабияты мугалими Уулкан Ысмайыл кызы тарабынан  кыргыз элинин тарыхый мурасы, улуттук баалуулуктары, каада-салттары, мамлекеттик тилдин орду, ошондой эле жаш муундарды жана мамлекеттик кызматкерлерди мекенчилдикке, адептүүлүккө жана коом алдындагы жоопкерчиликке тарбиялоонун мааниси тууралуу баяндама жасалды.