2024-жылдын 30-октябрында Ош шаардык сотунун экинчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш план боюнча “Студенттер үчүн ачык эшик күнү” болуп өттү.
Ош мамлекеттик университинин Тарых-юридикалык институтунун юриспруденция адистигинин мугалимдери жана 1-курстун студенттери шаардык сотто конокто болушту.
Ош шаардык сотунун төрагасы Бакыт Усубалиев иш бөлмөсүндө жыйын өткөрүп, студенттерге жалпы судьялардын саны, ыйгарым укуктары жана алгач иштер биринчи интанциядагы сотто жарандык, кылмыш, экономикалык, ошондой эле башка иштер жана материалдар судья тарабынан жеке каралгандыгын айтты. Студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, окууларына ийгиликтерди каалап, кесип тандоодо жаңылбоого коомго зыян келтирилген иш-аракеттерден алыс болууга чакырды.
Иш-чаранын алкагында студенттер кылмыш иш боюнча ачык сот жыйналышына катышышты.
Ошондой эле студенттерге экскурсия уюштурулуп, Ош шаардык сотунун кенсесинде жарандык жана кылмыш иштери кантип кабыл алынганын жана АИС сот системасына регистрация болуп, анда автоматтык түрдө судьяларга иш бөлүнүп жаткандыгы жөнүндө айтып жана сот залындагы аудио-видео жазуу системасын көрсөттү.
Студенттерге ар дайым Ош шаардык сотуна келип, сот системасындагы иш алып баруулар боюнча таанышып турууга жана ачык процесстерге катышуу мүмкүн экендигин айтты.