KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Өзгөн райондук сотунда кыргыз тилинин колдонулушуна арналган лекция өткөрүлдү

07 июля 2026

Өзгөн райондук сотунда мамлекеттик тилдин колдонулушун өркүндөтүү жана сот тутумунда кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу максатында филология илимдеринин кандидаты Абдурашит Абдулатов тарабынан сот кызматкерлери үчүн лекция окулду.


Лекциянын жүрүшүндө кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдук турмуштагы орду, расмий-иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура даярдоонун өзгөчөлүктөрү, адабий тилдин нормаларын сактоо, ошондой эле кызматтык байланыштарда жана сот өндүрүшүндө кыргыз тилин сабаттуу колдонуу маселелери кеңири баяндалды.


Абдурашит Абдулатов мамлекеттик тилди өнүктүрүү ар бир мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилиги экенин белгилеп, сот тармагында тил маданиятын жогорулатуу жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга да оң таасирин тийгизерин белгиледи.