Бүгүн, 2026-жылдын 17-мартында Өзгөн райондук сотунда аксакалдар сотунун төрагасынын жана медиациянын өкүлүнүн катышуусунда иш чара болуп өттү. Иш чарага Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы Улугбек Мамадалиев жана Өзгөн шаарынын медиатору Гулзийнат Абдрахманова жана Өзгөн райондук сотунун судьялары катышышты.
Медиатор Гулзийнат Абдрахманова медиациянын сот тутумундагы орду жана учурдагы көйгөйлөрү тууралуу маалымат берип, Өзгөн районунда негизги көйгөйлөрдүн бири калктын медиация боюнча маалыматтуулугунун аздыгын билдирди.
Аксакалдар сотунун төрагасы Улугбек Мамадалиев аксакалдар сотторунун негизги милдеттери жана функцияларына токтолуп, алар тарабынан карала турган иштер жана аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мемилери тууралуу маалымат берип кетти.
Райондук соттун төрагасы Эрлан Бекишов медиация тараптардын өз ара түшүнүүсүнө жетишүүгө, эки тараптын ортосундагы мамилени сактап калууга, соттук териштирүүнүн убактысын кыскартууга жардам берерин билдирип, соттор менен аксакалдар сотторунун жана медиаторлордун ортосундагы кызматашууну мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.




