KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Өзгөн райондук сотунда алимент боюнча кылмыш иши каралды

10 апреля 2026

Өзгөн райондук сотунун 2026-жылдын 8-апрелиндеги өкүмүнүн негизинде айыпталуучу П.М.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 (бир)  жылга эркиндигинен ажыратылды.Айыпталуучу П.М.Б. бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынып, атоунаасына камак салынды.


Соттун чечими менен айыпталуучу өзүнүн жашы жете элек баласына карата материалдык милдеттенмелерин 2016-жыдан бери аткарбай, алимент төлөөдөн баш тартып келгендиги аныкталды.Жыйынтыгында, сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, ага карата камак түрүндөгү жаза чарасын белгиледи.


Сот белгилегендей, ата-энелик милдеттерди аткарбоо мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.