Ош облусунун Өзгөн райондук сотунда медиатор Авазбек Шамшиев тарабынан соттун аппарат кызматкерлери үчүн медиация мыйзамын колдонуу жана аны иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча семинар уюштурулду.
Окуунун жүрүшүндө медиациянын негизги принциптери, талаш-тартыштарды сотко жеткирбей тынчтык жолу менен жөнгө салуунун артыкчылыктары, ошондой эле медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарын практикалык колдонуу маселелери талкууланды.
Семинардын максаты – сот кызматкерлеринин медиация институту боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын талаш-тартыштарын натыйжалуу чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, тажрыйба алмашышты.




