2025-жылдын 22-декабрь күнү Ош облусунун Алай райондук сотунда медиация мыйзамдарын колдонуу боюнча тегерек стол өттү. Жыйынга Алай райондук сотунун төрагасы Майрам Оморова, судья Аскар Бектурсунов, аппарат кызматкерлери, Улуттук медиция борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиев, прокуратура органынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аксакалдар соттору, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышышты.
Жыйындын катышуучуларына медиатор Авазбек Шамшиев баяндама жасап, Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү концепциясы, 2025-жылдын 14-ноябрындагы №256 сандуу Кыргыз Республикасынын Медиация жөнүндө мыйзамы жана 2025-жылдын 14-ноябрындагы №257 сандуу КР Медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар боюнча кеңири маалымат берди.




