Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулуп, Ош облустук сотунун имаратында өткөрүлүүдө.
“Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрү”, “ Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу”, “Менчик укугу жөнүндө талаштарды соттордун кароосу”, “ Ээлик кылуунун эскиргендиги”, “ Бүтүмдөрдү жарактуу деп таануу”, “ Ак ниет алуучунун укугун коргоо”, “ Өзү билемдик менен курган курулушту бузуу” деген темаларда лекция окулат.
Семинардын максаты бүтүмдөрдү талашууга, менчик укугун коргоого жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүүгө тиешелүү жарандык мыйзамдардын ченемдерин колдонуу маселелеринде судьялардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Маргарита Мельникова жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мадина Давлетбаева болушту.
Биздин сайт: