Бул иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ош шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультети тарабынан уюштурулуп, коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин, анын кесепеттерин жана алдын алуу жолдорун талкуулоого багытталды.
Тегерек столго Ош облустук сотунун судьясы Джамиля Абдымомунова, сот аппаратынын кызматкерлери Элмира Акматалиева жана Айпери Туратбек кызы, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептерине токтолуп, анын коомго, айрыкча аялдарга жана балдарга тийгизген терс таасири белгиленди. Судья Джамиля Абдымомунова бул багыттагы мыйзамдык негиздер, жарандардын укуктарын коргоо механизмдери жана соттук практика тууралуу баяндама жасады.
Ал эми сот аппаратынын кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү зордук-зомбулукка кабылган жарандарга жардам көрсөтүү тартиби, профилактикалык иш-чаралар жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана коомдо зомбулукка каршы туруктуу позицияны калыптандыруу маселелери талкуунун негизги багыттарынын бири болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден пайдалуу жана практикалык кеңештерди алышты.
Тегерек стол жандуу талкуулар, сунуш-пикирлер менен коштолуп, анын жыйынтыгында мындай иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүү, билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана коомчулуктун бул көйгөйгө болгон көңүлүн арттыруу зарылдыгы белгиленди.
Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар тарабынан активдүү катышкан конокторго жана студенттерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.




